Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Жаңылыктар

Коомчулукка маалымат!

Кара-Суу райондук жарандык коргонуу кызматтары өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары менен биргеликте район аймагындагы агын сууларда жана каналдарда сууга түшүүнүн кооптуу экендиги боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Иш-чаранын алкагында тургундарга сууга түшүү эрежелери жана сууга түшүүдөгү коопсуздук чаралары боюнча кеңири маалыматтар берилип, атайын эскертүү баракчалары таратылды. Урматтуу тургундар! Өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздардын коопсуздугу үчүн белгисиз жана […]

Кондитердик цех жана жаңы жол – Кара-Суу районундагы ийгиликтүү долбоорлор!

Бүгүн Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Асан-Чек айылында жеке ишкер тарабынан негизделген кондитердик цехтин ачылыш аземи болуп өттү. Аталган цех Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен АРИСтин “САSA-1000” долбоору аркылуу каржыланып, жалпы сметалык баасы 5 млн 200 миң сомду түздү. Ишке кирген цех 13 жергиликтүү кыз-келинди жумуш менен камсыз кылып, таттуу азыктардын түрлөрүн өндүрө баштады. Иш-чарага

Кара-Суу районунда мезгил кутучасы салынды

Бүгүн, 2025-жылдын 23-июлунда, Ош облусунун прокурору Ахматов Чингиз Аширбековичтин катышуусунда Кара-Суу районунун прокуратурасынын жаңы административдик имаратына мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Ош облусунун прокурору Ахматов Чингиз Аширбекович, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Ош облустук башкармалыгынын башчысы Рысалиев Даниель Ормонбекович, Ош облустук сотунун төрагасы Асанов Эрлан Джекшенбекович, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бурканов

Заманбап тарбиячы – мезгил талабы!

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.К. Табалдиев  билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруу менен бир топ тапшырмаларды берген. Берилген тапшырманын негизинде бүгүн райондун 90 жылдык мааракесине карата Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациянын чоң жыйындар залында “Заманбап тарбиячы кандай болуш керек?”-деген темада окуу-семинар өткөрүлдү. Иш-чарага акимдин орун басары А. Куланова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Эмилбек

Жол боюндагы мыйзамсыз курулуштар боюнча түшүндүрүү иштерижүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 Жарлыгынын негизинде Датка айыл аймагын аралап өткөн Ош–Алай жолунун боюндагы мыйзамсыз курулуштар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К. Айтибаев, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А. Жусупов жана тиешелүү комиссия мүчөлөрү катышып, жеринде мыйзамсыз курулуш ээлери менен жолугушуп,

Кара-Суу районунда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) тарабынан уюштурулган маалыматтык-ориентациялык жолугушуу өткөрүлдү

2025-ЖЫЛДЫН 21-ИЮЛУНДА, Кара-Суу районунда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) тарабынан уюштурулган маалыматтык-ориентациялык жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун негизги максаты — Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш райондорунда туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча жаңы долбоордун максаттары, ишке ашыруу механизмдери жана милдеттери тууралуу маалымат берүү, ошондой эле жергиликтүү деңгээлдеги кызыкдар тараптарды активдүү тартуу болгон. Иш-чарага Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын

“Аномалдуу ысыкка алдын алуу иш-аракет протоколун” активдештирүү алкагында гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы Кыргызстандын Кызыл Ай Коому менен биргеликте “Аномалдуу ысыкка алдын алуу иш-аракет протоколун” активдештирүү алкагында гуманитардык жардам көрсөтүү иш-чарасын өткөрдү. Бул иш-чаранын негизги максаты — аномалдуу ысык шартында социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо жана алардын күнүмдүк муктаждыктарын жеңилдетүү. Иш-чаранын жүрүшүндө жалпысы 350 үй-бүлөгө төмөнкү жардамдар берилди: 🧼 Гигиеналык каражаттар (самын,

“Баатыр эне” ордени жана “Эне Даңкы” медалы менен сыйлоо салтанаты болуп өттү

2025-жылдын 18-июлунда, Кара-Суу районунда “Баатыр эне” ордени жана “Эне Даңкы” медалы менен сыйлоо салтанаты болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-майындагы №117 жана №118 Жарлыгынын негизинде Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К.К. Табалдиев салтанатка катышып, 75 энеге “Баатыр эне” орденин, 53 энеге “Эне Даңкы” медалын ыйгарып, урмат-сый көрсөттү. Акимдин куттуктоо сөзүндө белгиленгендей, бул

Жогору жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөр сыйланды

2024–2025-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) ийгиликтүү тапшырып, 200 баллдан жогору жыйынтык көрсөткөн, ошондой эле артыкчылык аттестат менен мектепти аяктаган  бүтүрүүчүлөрдү  2025-жылдын 18-июлунда Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы К.К. Табалдиев салтанаттуу түрдө сыйлады. Сыйлоо аземине бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, мектеп директорлору жана мугалимдери катышты. Иш-чаранын алкагында бүтүрүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, ыраазычылык баракчалары жана белектер тапшырылды. Салтанаттуу аземде К.К.

Баатыр эне наамы 95 жаштагы энебизге ыйгарылды!

Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын жашоочусу 95 жаштагы Аширова Аятхан энебиз көп жылдан бери Баатыр эне наамын алууга татыктуу болуп келсе да, балдарынын документтеринде аты-жөнүнүн туура эмес жазылып калышы себептүү бул наамды ала албай келген. 2025-жылдын 18-июлунда Кара-Суу районунун мамлекеттик администарциясынын башчысы акими Канат Табалдиев “Баатыр эне” наамын Аятхан энебизге салтанаттуу түрдө үйүнө

Scroll to Top