Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Март 2026

Кара-Суу районунда курулуш жана шаар инфраструктурасы боюнча иштер каралды

🔹Бүгүн Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев Кара-Суу шаарындагы ички көчөлөрдүн абалы жана курулушу жүрүп жаткан Райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун имараты менен таанышты. 🔹Аким курулуш иштеринин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди. 🔹Ошондой эле Кара-Суу шаарынын мэрине шаар аймагындагы жол жээктерин иретке келтирүү, мыйзамсыз орнотулган баннерлерди алуу, […]

Кара-Суу районунда Аталар күнү белгиленди

🔹Бүгүн 13-март күнү, Кара-Суу районунда Аталар күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, атанын үй-бүлөдөгү орду, кадыр-баркы жана балдарды тарбиялоодогу чоң жоопкерчилиги даңазаланды. 🔹Иш-чаранын жүрүшүндө турмуштук тажрыйбасы менен коомго үлгү болуп келген ардагер аталарга өзгөчө урмат көрсөтүлүп, аларга белектер тапшырылды. 🔹Майрамдык иш-чарага Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Чыңгыз Бапаев, акимдин

Кара-Суу районунда маанилүү жыйын өткөрүлдү

🔹2026-жылдын 11-март күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким А.Бапаевдин тапшырмасына ылайык бир катар маанилүү маселелер боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйында төмөнкү маселелер каралды: 1️⃣ Ош облусунун прокуратурасы жана Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан ден соолукка коркунуч туудурган жумуштарга тартылган балдарды аныктоо максатында жүргүзүлгөн мониторингдин жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча текшерүүлөрдүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу

Чынгыз Бапаев Кара-Суу районунун акими кызматына киришти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кол койгон тескемесине ылайык, Бапаев Чынгыз Арстанбекович Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды. Жаңы дайындалган акимди бүгүн, 9-март күнү, Кара-Суу районунун активине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Scroll to Top