Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Жаңылыктар

Мыйзамсыз курулуштарга каршы иштер уланууда

2025-жылдын 2-августунда Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиевдин тапшырмасына ылайык, биринчи орун басары Арзибек Жусупов Датка айыл аймагында мыйзамсыз курулуштар боюнча жерине чыгып, тиешелүү иш-чараларды өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ N-109 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин […]

Канал тазалоо иштери башталды

Бүгүн, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин тапшырмасынын негизинде, Датка айыл аймагынын Ташлак айылынын А. Юсупов көчөсүнөн өткөн каналды тазалоо иштери башталды. Ишке 3 даана хово жана 1 экскаватор тартылып, каналга топтолгон таштандылар жана ылай-топурактар тазаланууда. Максат – суу жүрүү жолдорун жакшыртуу, сел коркунучунун алдын алуу жана экологиялык санитардык абалды жакшыртуу. Иштер айыл аймагынын жана райондук

Исраил Сулайманов атындагы орто мектебинин аймагында курулуп жаткан жаңы спорт залынын курулуш иштерин жеринен көрүштү

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К. К. Табалдиевдин тапшырмасына ылайык, акимдин орун басары А. Куланова жана Кара-Суу районунун мугалимдер кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Н. Исраилова Баш-Булак айыл аймагына барып, Исраил Сулайманов атындагы орто мектебинин аймагында курулуп жаткан жаңы спорт залынын курулуш иштери менен таанышып, анын ачылыш аземине даярдык маселелерин жеринен карап чыкты. Курулуш

Кара-Суу районуна – 90 жыл!  Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

2025-жылдын 1-август күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясында Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине карата уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйын райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канат Табалдиевдин жетекчилиги астында өткөрүлдү. Иш-чарага район аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты. Эске сала кетсек, 2025-жылдын 7-февралындагы №24 буйругуна ылайык, алар уюштуруу комитетинин мүчөлөрү катары бекитилген.

Жогорку Кеңештин депутаты, район акими жана АРИС директорунун Отуз-Адыр жана Жоош айыл аймактарына болгон иш сапары

2025-жылдын 31-июль күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алишер Козуев, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиев жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) директору Марс Наспеков Отуз-Адыр жана Жоош айыл аймактарына иш сапар менен барышты. Иш сапардын алкагында АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорлорунун курулуш иштери менен жеринен таанышуу болду.

Координациялык кеңешме өткөрүлдү

2025-жылдын 31-июль күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Укук бузуулардын алдын алуу боюнча Координациялык кеңештин III-кварталдык жыйыны болуп өттү. Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айжан Куланова, ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мектеп, бала-бакча жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Канат Табалдиев өз

Райондук деңгээлде жер маселеси талкууланды

2025-жылдын 30-июль күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында район башчысы аким Канат Табалдиевдин жетекчилиги астында райондук жер мунапыс комиссиясынын мүчөлөрүнүн, айыл өкмөт башчыларынын жана жер адистеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Жыйында район аймагында трансформацияга туш болгон жана трансформация процесси жүрүп жаткан жер тилкелеринин учурдагы иш кагаздары, ошондой эле социалдык багыттагы объектилерге трансформацияланган жер тилкелер боюнча

Бабалашкар мектебинин курулуш иштери менен таанышышты

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким К.К. Табалдиевдин тапшырмасына ылайык, Датка айыл аймагында курулушу жүрүп жаткан №125 Бабалашкар орто мектебинин ачылыш аземине даярдыктар көрүлүп чыкты. Акимдин орун басары А. Куланова тиешелүү кызматкерлер менен биргеликте объектти кыдырып чыгып, курулуш иштеринин жүрүшү, сапаты жана бүткөрүү мөөнөтү боюнча жеринде сунуштарын берип, подрядчы уюмдун өкүлдөрү менен пикир алмашты.

Коллегиялык отурум өткөрүлдү

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиялык жыйыны өткөрүлдү.  Күн тартибинде: Кара-Суу районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын Il кварталынын жыйынтыгы жана lll кварталына карата милдеттер жөнүндө: 2025–2030-жылдарга Кара-Суу районунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү маселелери каралды. Жыйынга райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары, жер адистер жана мектеп директорлору, саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө

Жаңы жолдор Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесинин алкагында пайдаланууга берилди

2025-жылдын 28-июль күнү Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр, Жоош жана Ала-Тоо айыл аймактарында жаңыланган жолдордун ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиев, тиешелүү айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты. Аталган долбоорлордун алкагында: Отуз-Адыр жана Ала-Тоо айыл өкмөттөрүнө караштуу Шералы айылында-1 км 920 м, Кайрагач айылында-500

Scroll to Top