Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Жаңылыктар

Көк – Ой эс алуу жайынын ачылышы болуп өттү.

Бүгүн, 16-августта Кара-Суу районунун 90 жылдыгына карата Ынтымак айыл аймагына караштуу Талаа айылындагы Көк-Ой эс алуу жайынын ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу ачылыш аземине Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Арзибек Жусупов, келген коноктор жана жергиликтүү тургундар катышышты. Көк-Ой — бул табият менен жуурулушкан, улуттук маданиятыбызды, салт-санааларыбызды даңазалаган өзгөчө эс алуу жайы. Бул демилге […]

Кара-Суу районунда жалпы ишембилик өткөрүлдү

2025-жылдын 16-август күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.К. Табалдиевдин тапшырмасына ылайык, район аймагында ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке райондогу бардык мекеме-ишканалардын, уюмдардын кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары жана алардын эмгек жамааттары активдүү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош-Бишкек, Ош-Алай, Ош-Кара-Суу, Кара-Суу-Өзгөн автоунаа жолдорунун боюндагы таштандылар тазаланып, чөптөр орулуп, айлана- чөйрө тартипке келтирилди. Ошондой эле коомдук жайлар, мекеме-ишканалардын айланалары жана

Эл менен жолугушуу болуп өттү

Бүгүн, 14-августта Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Арзибек Жусупов Отуз-Адыр жана Мады айыл аймактарына караштуу Курбан-Кара, Шерали жана Тээке айылдарынын тургундары менен жолукту. Жолугушууда айыл тургундары бала бакча ачуу, мектеп короосун оңдоо, жолдорду асфальттоо, таза суу менен камсыздоо, жайыт жерлерди пайдалануу жана электр мамычаларын алмаштыруу маселелерине байланышкан көйгөйлөрүн айтышты. Акимдин биринчи орун

Жаңы асфальт төшөлгөн ички жолдор пайдаланууга берилди

Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине карата жаңы асфальт төшөлгөн ички жолдор пайдаланууга берилди . 13-август күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Арзибек Жусупов, Кара-Суу шаарынын мэри Ислам Эрмаматов жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда Эркин жана Ак-Орго айылдарындагы жаңы асфальт төшөлгөн ички жолдордун ачылыш аземи болуп өттү. Эркин айылы – Баймуратов көчөсү (1,2 км),

Акимдин кубогу — KFL 5-сезон жогорку деңгээлде жыйынтыкталды!

Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулган бул чемпионаттын финалдык оюнуна Кара-Суу районунун акими К.К.Табалдиев, Кара-Суу шаарынын мэри И.Ж.Эрмаматов жана спорт коомчулугунун өкүлдөрү катышып, спортчуларды жана күйөрмандарды ийгиликтүү сезон менен куттукташты. Аким К.К.Табалдиев көрүүчүлөрдү куттуктап, оюнга болгон жакшы каалоо-тилегин билдирди. 1-орунду ээлеген командага 150 000 сом акчалай сыйлык тапшырылып, алардын машыктыруучусуна автоунаа белек кылынды. 2-орунду

Кара-Суу районунда мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюлууда

2025-жылдын 8-август күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиев Кара-Суу шаарынын Эркин, Савай айыл аймагынын Октябрь айылдарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жетекчилер жүргүзүлүп жаткан иштер мыйзам чегинде экенин белгилешип, бузулуп жаткан турак үйлөр мунапыстан

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б. Э. Торобаев Кара-Суу районуна иш сапары менен келди

Бүгүн 8-август күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б. Э. Торобаев Кара-Суу районуна иш сапары менен келди. Сапардын алкагында Жоош айыл аймагындагы «Кыргызстан пахтачылык боюнча тажрыйба станциясынын» жана Савай айыл аймагынын аймагындагы КДСтин абалы менен жеринде таанышып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү маселелерин укту.

Билим берүү мекемелериндеги курулуш иштерине көзөмөл жүргүзүлдү

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким К.К. Табалдиевдин тапшырмасына ылайык, билим берүү мекемелериндеги курулуш иштерине көзөмөл жүргүзүлдү. Бүгүн акимдин орун басары А. Куланова жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Эмилбек уулу жана мугалимдер кесиптик бирлик комитетинин төрайым Н. Исраилова бир катар билим берүү мекемелеринде болуп, курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү жеринен текшерилди. Иш

Мыйзамсыз курулуштарга каршы иштер уланууда

2025-жылдын 2-августунда Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиевдин тапшырмасына ылайык, биринчи орун басары Арзибек Жусупов Датка айыл аймагында мыйзамсыз курулуштар боюнча жерине чыгып, тиешелүү иш-чараларды өткөрдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ N-109 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

Канал тазалоо иштери башталды

Бүгүн, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин тапшырмасынын негизинде, Датка айыл аймагынын Ташлак айылынын А. Юсупов көчөсүнөн өткөн каналды тазалоо иштери башталды. Ишке 3 даана хово жана 1 экскаватор тартылып, каналга топтолгон таштандылар жана ылай-топурактар тазаланууда. Максат – суу жүрүү жолдорун жакшыртуу, сел коркунучунун алдын алуу жана экологиялык санитардык абалды жакшыртуу. Иштер айыл аймагынын жана райондук

Scroll to Top