Жоош айыл аймагында жайгашкан №59 кесиптик лицейинин ишмердүүлүгү жана материалдык абалы менен Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким К.К. Табалдиев жеринен таанышып чыкты.
1966-жылы негизделген аталган билим берүү мекемеси учурда 8 багыт боюнча окуучуларга билим берип, жаштарды ар кандай адистиктерге даярдоону улантууда. Бүгүнкү күндө лицейде 289 окуучу, ал эми Кашкар-Кыштак айылындагы филиалында 52 окуучу кесиптик билим алууда.
Иш сапардын алкагында аким окуу жайда учурда жүрүп жаткан кезектеги оңдоп-түзөө иштери, алардын жүрүшү жана сапаты менен таанышып, бир катар сунуш-пикирлерин билдирди. Ошону менен катар, окуу жайдын администрациясы менен болгон баарлашуу учурунда, мекеменин негизги көйгөйлөрү угулуп, аларды чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелерге ыкчам тапшырмалар берилди.
Атап айтканда, окуу корпустарындагы оңдоо иштерин аяктоо, жабдуулардын жетишсиздиги, техникалык базаны жаңылоо жана билим берүү шарттарын жакшыртуу маселелери көтөрүлүп, бул багытта жеринде чечимдер кабыл алынды.



