2024–2025-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) ийгиликтүү тапшырып, 200 баллдан жогору жыйынтык көрсөткөн, ошондой эле артыкчылык аттестат менен мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдү 2025-жылдын 18-июлунда Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы К.К. Табалдиев салтанаттуу түрдө сыйлады.
Сыйлоо аземине бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, мектеп директорлору жана мугалимдери катышты. Иш-чаранын алкагында бүтүрүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, ыраазычылык баракчалары жана белектер тапшырылды.
Салтанаттуу аземде К.К. Табалдиев жаштарды жана алардын ата-энелерин жүрөкдөн куттуктап, билимге болгон умтулуу, тынымсыз эмгек жана жоопкерчилик келечектин ийгилигине негиз болорун белгиледи. Ошондой эле жаштарга мындан аркы окууларында жана өмүр жолунда ийгилик каалап, алар өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымын кошо турган кадрларга айланышарына ишенимин билдирди.
Бул иш-чара жаштардын билимге болгон аракети жана жетишкендиги коомчулук тарабынан жогору бааланып жаткандыгынын ачык далили болду. Район жетекчилиги келечек муундардын өсүп-өнүгүүсүнө жана сапаттуу билим алуусуна ар дайым көңүл буруп, колдоо көрсөтүүнү улантылат.









