Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.К. Табалдиев билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруу менен бир топ тапшырмаларды берген. Берилген тапшырманын негизинде бүгүн райондун 90 жылдык мааракесине карата Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациянын чоң жыйындар залында “Заманбап тарбиячы кандай болуш керек?”-деген темада окуу-семинар өткөрүлдү.
Иш-чарага акимдин орун басары А. Куланова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т. Эмилбек уулу, мугалимдердин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Н. Исраилова, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана тарбиячылары катышышты.
Семинарда заманбап бала тарбиялоонун ыкмалары, тарбиячылардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, инновацияларды практикада колдонуу боюнча мазмундуу талкуулар жүрүп, катышуучулар арасында тажрыйба алмашуу да уюштурулду.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында “Kahoot!” интеллектуалдык онлайн оюну өткөрүлүп, билимди бекемдөө багытында кызыктуу таймаш уюштурулду. Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчкө жеткен катышуучуларга белектер тапшырылды.