Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун Жарлыгына ылайык, балдар жана коомчулук арасындагы укук бузууларды, зордук-зомбулукту алдын алуу багытында иш-чара өткөрүлдү

🔹2026-жылдын 5-февралында Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун Жарлыгына ылайык, балдар жана коомчулук арасындагы укук бузууларды, зордук-зомбулукту алдын алуу багытында иш-чара өткөрүлдү.

🔹Аталган иш-чарага акимдин орун басары А. Куланова, тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана райондук активдер катышты.

🔹Иш-чаранын жүрүшүндө коомдо зордук-зомбулуктун алдын алуу, балдардын укуктарын коргоо, коопсуз чөйрөнү түзүү маселелери талкууланып, профилактикалык иштерди активдүү алып баруу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле мекеме-уюмдардын өз ара кызматташуусун күчөтүү, түшүндүрүү иштерин системалуу жүргүзүү жана алдын алуу чараларын натыйжалуу уюштуруу зарылдыгы белгиленди.

Scroll to Top