🔹Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К.К. Табалдиевдин тапшырмасынын негизинде акимдин орун басары А. Куланова «Турмуштук оор кырдаалдагы балдары бар үй-бүлөлөргө автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу кызмат жана колдоо көрсөтүү» аталышындагы маалыматтык иш-чарага катышты.
🔹Иш-чаранын максаты — оор турмуштук кырдаалда жашаган, анын ичинде мигранттардын балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого алуу, социалдык кызматтарды көрсөтүүдө автоматташтырылган маалымат системасын киргизүү жана балдардын укуктарын коргоо багытындагы иштерди күчөтүү болуп саналат.
🔹Иш-чаранын жүрүшүндө социалдык кызмат көрсөтүү механизмдери, мекемелер аралык өз ара аракеттенүү жана балдарга бирдиктүү колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.


