Бүгүн, 16- августта Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Арзибек Жусупов Ынтымак айыл аймагынын Коргон жана Корок айылдарына таза суу чыгаруу маселеси боюнча айыл тургундары менен жолукту.
Жолугушууда айыл тургундары өз маселесин айтуу менен бирге таза суу маселелерине кененирээк токтолуп көйгөйлөрүн айтышты.
Акимдин биринчи орун басары жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери жарандардын суроолоруна жооп берип, сунуш-пикирлерин угушту.
А. Жусупов жергиликтүү маанидеги маселелерди жеринен көрүп чыгып, чечүүгө мүмкүн болгон иштер боюнча тиешелүү мекемелерге протоколдук тапшырмаларды берди. Ошондой эле, район аймагында мыйзамсыз курулуштар боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүздү.
Элдин көйгөйлөрүн жеринде чечип, ыкчам иш алып баруу ар бир жетекчинин негизги милдети деп белгиледи А. Жусупов.

