🔹Кара-Суу районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын IV кварталынын жыйынтыгы жана 2026-жылдын I кварталына карата коюлган милдеттердин алкагында район аймагындагы саламаттык сактоо мекемелеринин ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулууда.
🔹Коллегиялык жыйындын тапшырмасына ылайык, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары А. Куланова жана Кара-Суу Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Р. Р. Коузбаев менен биргеликте район боюнча Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) жана фельдшердик-акушердик пункттардын (ФАП) ишмердүүлүгү менен жеринде таанышуу жүргүзүлдү.
🔹Бүгүнкү күндө район аймагындагы саламаттык сактоо тармагында жалпысынан 1032 кызматкер эмгектенет. Анын ичинде 174 дарыгер жана 635 орто медициналык кызматкер бар. Медициналык кызматкерлердин иш шарттарын жакшыртуу жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.
✔️ 24 ҮДТ жана 65 ФАП медицина кызматкерлеринин ишин натыйжалуу жүргүзүү максатында 150 даана планшет менен камсыздалды;
✔️ 24 ҮДТ жана 15 ФАПтын имараттарынын айнек терезелери жалюзи менен жабдылды;
✔️ 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында 24 ҮДТ жана 64 ФАП электр энергиясы өчүрүлгөн учурларда үзгүлтүксүз иш алып барууну камсыздоо үчүн генераторлор менен камсыздалды.
🔹Жогоруда аталган иштер калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга, өзгөчө алыскы калктуу конуштардагы саламаттык сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.


