Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Райондун тургундары менен жолугушуу болуп өттү

2026-жылдын 24-февраль күнү Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиев райондун тургундары менен жолугушту.

Жыйынга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, айыл башчылар, РИИБдин жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты.

РИИБ башчысы Данияр Рыскулов 2025-жыл ичинде кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө аткарган иш аракеттери жөнүндө маалымат берип, коопсуздукту жакшыртуу боюнча маселелер талкууланды. Жыйында милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө сын-пикирлер айтылган жок.

Тургундар тарабынан мектептердин айланасына жөө жүрүүчүлөр өтүүчү сызыктарды сызуу, жол белгилерин орнотуу жана жаштар арасында профилактикалык иштерди күчөтүү сунушталды.

Облус жетекчиси ар бир кызматкер өз милдетин так аткарышы керектигин баса белгилеп, айтылган маселелерди чечүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

  • Ошондой эле, коопсуздукту жакшыртуу багытында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мыйзамда белгиленген иш-аракеттерди көрүү, айрыкча өлкө башчынын Жарлыктарынын талаптарынын маанилүүлүгүн эске салды. Аны менен катар кибер кылмыштуулуктан сак болуу, коомдук жайларга видео көзөмөл камераларын орнотуу зарылдыгын айтты.
Scroll to Top