Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Райондун аймагындагы китепканачылар менен жолугушуу болду

🔹Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.К.Табалдиевдин жылдын жыйынтыгы менен чыгарылган коллегиялык токтомдун негизиндеги тапшырмасына ылайык, райондун аймагындагы китепканачылардын ишин жакшыртуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты минстрлиги демилгеси менен уюштурулган “ART Диалог” иш-чарасында айтылган көйгөйлөрдү чечүү, өнүктүрүү жолдору Кара-Суу районунда талкууланды.

🔹Иш-чарага Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары А.Куланова, Ош облустук китепканасынын директору Д.Бапаева, Кара-Суу райондук маданият бөлүмүнүн башчысы К.Акматов жана айылдык китепкананын директорлору катышты.

🔹Иш-чаранын жүрүшүндө райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Кара-Суу райондук борборлоштурулган китепканасында 2024-2025-жылдар аралыгында аткарылган иштери боюнча маалымат окуду.

🔹Ошондой эле , Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы -акимдин орун басары А.Куланова тарабынан ройондук жана айылдык китепканаларга аткаруу үчүн бир топ тапшырмаларды, көйгөйлөрдү чечүү үчүн протоколдук тапшырмаларды берди.
Андан соң Ош облустук китепкананын директору Бапиева Динара Сапарбанвна тарабынан “АРТ ДИАЛОГ” аянтчада айтылган китепкана тармагын өнүктүрүүгө багытталган чечимдердин , сунуштардын аткарылышы жана көйгөйлөрү боюнча кеңири маалымат берди.

🔹Иш чаранын аягында суроолор жана жооптор берилип, айылдык китепкананын директорлору ыраазычылык билдиришти.

Scroll to Top