2025-жылдын 30-июль күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында район башчысы аким Канат Табалдиевдин жетекчилиги астында райондук жер мунапыс комиссиясынын мүчөлөрүнүн, айыл өкмөт башчыларынын жана жер адистеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.
Жыйында район аймагында трансформацияга туш болгон жана трансформация процесси жүрүп жаткан жер тилкелеринин учурдагы иш кагаздары, ошондой эле социалдык багыттагы объектилерге трансформацияланган жер тилкелер боюнча маселелер талкууланды.
Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиев жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына трансформация жүрүп жаткан жер тилкелер боюнча инвестициялык долбоорлорго ыкчам жана мыйзам чегинде иш кагаздарын, өз ара тыгыз кызматташтыкта иш алып баруу тапшырмасын берди.


