🔹2026-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн жаңы эки кабаттуу имаратынын курулушун баштоо алдында мезгил кутучасын салуу иш-чарасы болуп өттү.
🔹Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы — полковник Э. Мусаев, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К. Табалдиев, Кара-Суу шаар мэри И. Эрмаматов жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
🔹Курулуштун жалпы сметалык баасы 75 млн сомду түзүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
🔹Жаңы имарат элдин коопсуздугун камсыз кылууга, табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алууга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда жарандарга ыкчам жана сапаттуу жардам көрсөтүүгө багытталат.


