Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Мыйзамсыз курулган коомдук тамактануучу жайлар текшерилди

2025-жылдын 19-август күнү Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев Отуз-Адыр айылындагы Отуз-Адыр каналынын жээгинде мыйзамсыз курулган коомдук тамактануучу жайды (чайкананы) жеринен текшерди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жай санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана корук зонасынын эрежелерин сактабай иш жүргүзүп келгендиги аныкталды.
Айыл өкмөтү тарабынан эскертүү (уведомление) берилип, учурда объектти жабуу боюнча тиешелүү документтеринин мыйзамдуулугу текшерилип жатат.
Мыйзамсыз курулуштарга жана талаптарга туура келбеген ишмердүүлүккө жол берилбейт. Жарандарды мыйзамды сактоого жана коомдук тартипти урматтоого чакырабыз!
Scroll to Top