Бүгүн 8-август күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б. Э. Торобаев Кара-Суу районуна иш сапары менен келди.
Сапардын алкагында Жоош айыл аймагындагы «Кыргызстан пахтачылык боюнча тажрыйба станциясынын» жана Савай айыл аймагынын аймагындагы КДСтин абалы менен жеринде таанышып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү маселелерин укту.
КДС 1986-жылы ишке киргизилип, 1993–2010-жылдар аралыгында суу каптаган жерлердин жалпы аянты 692 гектарды түзгөн. Ал “Савай” айыл аймагынын балансында турат. КДСтин жалпы узундугу 31,63 км болуп, анын 27,63 км ачык, ал эми 4 км жабык дренаждык түйүндөрдөн турат.
2010-жылы жер алдындагы суулардын көтөрүлүшүнө байланыштуу “Кыргызсуудолбоор” ААК тарабынан долбоордук-сметалык баасы 221 млн сом болгон жаңы долбоор иштелип чыккан. Бирок каржылык тартыштыкка байланыштуу 2011-жылы болгону 20 млн сом бөлүнүп, механикалык тазалоо жолу менен кошумча 3,6 км гана иштер аткарылган.
Мындай шартта суу чыккан аймактарды калыбына келтирүү жана жогоруда аталган долбоордун негизинде жер алдындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштерди улантуу зарыл экендиги белгиленди.




