Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Мады жана Баш-Булак айыл аймактарында элдик жыйын өткөрүлдү

 

Бүгүн, 16-февралда Мады жана Баш-Булак айыл аймактарында элдик жыйын болуп өттү. Жыйынга Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин биринчи орун басары Арзибек Жусупов, Кара-Суу районунун прокурору Араз Имангазиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө айыл өкмөт башчылары 2025-жылы аткарылган иштер жана 2026-жылга карата пландар тууралуу маалымат беришти.

Андан соң тургундар тарабынан сын-пикирлер жана сунуштар айтылып, суроолор берилди. Көбүнчө жолдордун абалы, таза суу менен камсыз кылуу, жер маселелери, социалдык объектилердин абалы жана башка актуалдуу маселелер көтөрүлдү.

Акимдин биринчи орун басары көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча тиешелүү кызматтарга так тапшырмаларды берип, алардын аткарылышын жеке көзөмөлүнө аларын белгиледи. Ошондой эле жарандардын сунуш-пикирлери районду өнүктүрүүдө маанилүү экенин баса белгиледи.

📍 Кийинки элдик жыйындар тууралуу маалымат

Элдик жыйындар 17-февралда өтөт:
1️⃣ Отуз-Адыр айыл аймагынын Курбан-Кара айылындагы Н. Исанов атындагы орто мектепте – саат 10:00
2️⃣ Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы И. Кулбаев атындагы орто мектепте – саат 14:00
Отуз-Адыр жана Ынтымак айыл аймактарынын тургундарын жыйынга активдүү катышууга, чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүн жана сунуш-пикирлерин ачык айтып берүүгө чакырабыз.

Элдик жыйын жергиликтүү маселелерди талкуулоонун жана аларды чечүү жолдорун биргелешип кароонун маанилүү аянтчасы.
Бардыгыңыздарды жыйынга чакырабыз!

Scroll to Top