Бүгүн, 16-февраль 2026-жылы, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын имаратында
«Кыргыз Республикасында балдар жана жаштардын менталдык саламаттыгына психосоциалдык жардам көрсөтүү: тажрыйбалар жана учурдагы чакырыктар» аттуу улуттук конференция өттү.
Иш-чарага Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Куланова А. катышты.
Конференцияга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана адистер катышып, балдар жана жаштардын менталдык саламаттыгын чыңдоо, укук бузуулардын алдын алуу жана психосоциалдык колдоо маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында тиешелүү сунуштар иштелип чыгып, резолюция кабыл алынды.


