Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Координациялык кеңешме өткөрүлдү

2025-жылдын 31-июль күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Укук бузуулардын алдын алуу боюнча Координациялык кеңештин III-кварталдык жыйыны болуп өттү.
Кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Айжан Куланова, ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мектеп, бала-бакча жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Канат Табалдиев өз ишмердүүлүгүндө ар дайым аймактык коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл буруп, коомдук жайларга адамдын жүзүн таануучу видеокөзөмөл системаларын орнотуу боюнча ырааттуу тапшырмаларды берип келет.
Кеңешменин күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
1️⃣ 2025-жылдын 30-июнундагы II-квартал жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча маалымат,
2️⃣ Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги №63 “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы,
3️⃣ Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын май айындагы №60 “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинде белгиленген — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарынын жүзөгө ашырылышы,
4️⃣ Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-майындагы №103 “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Мыйзамынын ишке ашырылышы боюнча маалымат.
Кеңешмеде мектептерде, бала бакчаларда жана коомдук жайларда видеокөзөмөл орнотуу, коомдук тартипти жана санитардык тазалыкты сактоо, коопсуздук деңгээлин жогорулатуу маселелери терең талкууланды. Өзгөчө басым адамдын жүзүн таануучу системаларга жасалып, бул багыттагы иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин эсебинен ишке ашырылары белгиленди.
Кеңешмени Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, полковник Данияр Рыскулов жетектеди. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү өздөрүнүн маалыматтарын жана сунуштарын айтышты.
Кеңешменин жыйынтыгында мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлуп, келерки квартал үчүн милдеттер белгиленди.
Scroll to Top