Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Коомчулукка маалымат!

🔶Кара-Суу райондук жарандык коргонуу кызматтары өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары менен биргеликте район аймагындагы агын сууларда жана каналдарда сууга түшүүнүн кооптуу экендиги боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
🔹Иш-чаранын алкагында тургундарга сууга түшүү эрежелери жана сууга түшүүдөгү коопсуздук чаралары боюнча кеңири маалыматтар берилип, атайын эскертүү баракчалары таратылды.
⚠️ Урматтуу тургундар! Өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздардын коопсуздугу үчүн белгисиз жана кооптуу жерлерде сууга түшүүдөн алыс болуңуздар. Коопсуздук эрежелерин сактоо – сиздин жана балдарыңыздын өмүрүн сактап калат!
📍 Кара-Суу райондук жарандык коргонуу кызматы
Scroll to Top