Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Коллегиялык отурум өткөрүлдү

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиялык жыйыны өткөрүлдү.
 Күн тартибинде:
1️⃣ Кара-Суу районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын Il кварталынын жыйынтыгы жана lll кварталына карата милдеттер жөнүндө:
2️⃣ 2025–2030-жылдарга Кара-Суу районунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү маселелери каралды.
Жыйынга райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары, жер адистер жана мектеп директорлору, саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А. Жусупов жана орун басары А. Куланова күн тартибиндеги маселелер боюнча маалымат беришти.
Талкуу учурунда айрым мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер сынга алынып, бир катар жетекчилерге тартиптик чаралар көрүлдү. Алдыда аткарыла турган иштер белгиленип, так тапшырмалар берилди.
Ошондой эле 2025–2030-жылдарга райондун өнүктүрүү программасы кеңири талкууланып, коллегия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан жактырылып, бекитилди.
Scroll to Top