🔹Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 12-декабрындагы “2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө” №354 Жарлыгын аткаруу Кара-Суу районунда дагы ийгиликтүү улантылууда.
🔹Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин жеке тапшырмасына ылайык, Кара-Суу районунун “Кара-Суу” футбол клубу түзүлүдү.
🔹Жаны түзүлгөн футбол клубунун негиздөөчүлөрү болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Сабиров Равшан Азатович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Төлөнов Данияр Эрмекович, Козуев Алишер Абибиллаевич жана Кубанычбеков Илимбек Кубанычбековичтер тандалды.
🔹“Кара-Суу” футбол клубунун түзүлүшүнүн максаты, футбол аркылуу спортту, калктын сергек жашоо образын жайылтуу менен жаштар арасындагы достукту, ынтымакты бекемдөө аркылуу футбол оюнун спорттун эң популярдуу түрүнө айландыруу болмокчу.
🔹“Кара-Суу” футбол клубу 2026-жылы Кыргыз Республикасынын I лигасында оюндарды өткөрөт. Районубуздун жаны сыймыгына айланган “Кара-Суу” футбол клубуна ийгилик каалайбыз.


