Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунда жалпы ишембилик өткөрүлдү

2025-жылдын 16-август күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.К. Табалдиевдин тапшырмасына ылайык, район аймагында ишембилик өткөрүлдү.
Ишембиликке райондогу бардык мекеме-ишканалардын, уюмдардын кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары жана алардын эмгек жамааттары активдүү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош-Бишкек, Ош-Алай, Ош-Кара-Суу, Кара-Суу-Өзгөн автоунаа жолдорунун боюндагы таштандылар тазаланып, чөптөр орулуп, айлана- чөйрө тартипке келтирилди. Ошондой эле коомдук жайлар, мекеме-ишканалардын айланалары жана бак-дарактар тазаланып, иреттелди.
Тазалык тартиптин жана ден соолуктун башаты. Ар бирибиз өз айлана-чөйрөбүздү таза кармоого салым кошсок, жашоо үчүн ыңгайлуу жана кооз чөйрө түзө алабыз. Ошондуктан, урматтуу Кара-Суу районунун тургундары сиздерди үйлөрүбүздүн, көчөлөрүбүздүн жана айылдарыбыздын тазалыгына көңүл буруп, жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырып кетебиз.
Scroll to Top