Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунда “Укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлдү

 Бүгүн, 2025-жылдын 20-августунда Кара-Суу районунун аймагында «Укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү» аттуу иш-чара өткөрүлдү.
 Иш-чарага Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К.К. Табалдиев, Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы — Д.И. Рыскулов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты.
Катышуучулар тарабынан аймактарды кыдырып, укук бузуулардын пайда болуу себептерин жана шарттарын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлдү.
 Иш-чаранын алкагында милициянын көчмө кабылдамасы жарандар менен жолугушууларды өткөрүп, эл тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелер жана кайрылуулар кабыл алынды.
Бул сыяктуу алдын алуу иштери мындан ары да улантылып, жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо багытында иштер жигердүү жүргүзүлө берет.
Scroll to Top