Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунда мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюлууда

2025-жылдын 8-август күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиев Кара-Суу шаарынын Эркин, Савай айыл аймагынын Октябрь айылдарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Жетекчилер жүргүзүлүп жаткан иштер мыйзам чегинде экенин белгилешип, бузулуп жаткан турак үйлөр мунапыстан кийин – 2022-жылдан тартып курула баштаганын айтышты.
“Мыйзамсыз курулуш кылсаң – бузулат” деген түшүнүктү ар бир жаран так билиши зарыл.
Каалаган жерге өзүм билемдик менен курулуш салып, кийин аны мыйзамдаштырып алуу мүмкүн эмес.
Жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен катар, мыйзамсыз курулуштар боюнча чаралар көрүлүп, тиешелүү объектилер буздурулду.
Мыйзамды сактоо – ар бирибиздин милдетибиз!
Scroll to Top