🔹2026-жылдын 11-март күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким А.Бапаевдин тапшырмасына ылайык бир катар маанилүү маселелер боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйында төмөнкү маселелер каралды:
1️⃣ Ош облусунун прокуратурасы жана Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан ден соолукка коркунуч туудурган жумуштарга тартылган балдарды аныктоо максатында жүргүзүлгөн мониторингдин жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча текшерүүлөрдүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштамаларды талкуулоо;
2️⃣ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлгөн социалдык комиссиялардын ишин активдештирүү;
3️⃣ Эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү.
🔹Жыйынга райондук укук коргоо органдарынын өкүлдөрү (Кара-Суу райондук прокуратурасы, А.К.Султанов атындагы ички иштер бөлүмү), Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун клиникалык жетекчилери, Кара-Суу районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси, үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, мониторинг учурунда аныкталган балдардын ата-энелери, жооптуу билим берүү кызматкерлери, райондун баш хатиби, айыл өкмөттөрдөгү жооптуу имамдар (11 адам), ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана социалдык комиссиянын мүчөлөрү катышты.
🔹Жыйындын жүрүшүндө акимдин орун басары А.Куланова кыскача маалымат берип, аныкталган маселелерди жоюу жана алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча тиешелүү мекемелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмалар берилди.


