Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунда курулуш жана шаар инфраструктурасы боюнча иштер каралды

🔹Бүгүн Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чынгыз Бапаев Кара-Суу шаарындагы ички көчөлөрдүн абалы жана курулушу жүрүп жаткан Райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун имараты менен таанышты.

🔹Аким курулуш иштеринин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.

🔹Ошондой эле Кара-Суу шаарынын мэрине шаар аймагындагы жол жээктерин иретке келтирүү, мыйзамсыз орнотулган баннерлерди алуу, соода түйүндөрүнүн ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

 

Scroll to Top