Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) тарабынан уюштурулган маалыматтык-ориентациялык жолугушуу өткөрүлдү

2025-ЖЫЛДЫН 21-ИЮЛУНДА, Кара-Суу районунда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) тарабынан уюштурулган маалыматтык-ориентациялык жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун негизги максаты — Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш райондорунда туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча жаңы долбоордун максаттары, ишке ашыруу механизмдери жана милдеттери тууралуу маалымат берүү, ошондой эле жергиликтүү деңгээлдеги кызыкдар тараптарды активдүү тартуу болгон.

Иш-чарага Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А. Куланова, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда катышуучуларга долбоордун мазмуну кеңири түшүндүрүлүп, андан ары район аймагында туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу багытында биргелешкен аракеттерди көрүү боюнча сунуштар айтылды.

Мындай жолугушуулар мамлекеттик мекемелер менен жергиликтүү жамааттардын кызматташуусун бекемдөөгө өбөлгө болуп, чектеш аймактардын өнүгүүсүнө чоң салым кошору белгиленди.

 

Scroll to Top