Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунда Аталар күнү белгиленди

🔹Бүгүн 13-март күнү, Кара-Суу районунда Аталар күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, атанын үй-бүлөдөгү орду, кадыр-баркы жана балдарды тарбиялоодогу чоң жоопкерчилиги даңазаланды.

🔹Иш-чаранын жүрүшүндө турмуштук тажрыйбасы менен коомго үлгү болуп келген ардагер аталарга өзгөчө урмат көрсөтүлүп, аларга белектер тапшырылды.

🔹Майрамдык иш-чарага Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Чыңгыз Бапаев, акимдин орун басарлары, Ардагерлер кеңешинин төрагасы, Кара-Суу шаар мэри жана айыл өкмөт башчылары катышып, бардык аталарды куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалашты.

🔹Белгилей кетсек, Аталар күнүн белгилөө тууралуу мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 25-июлунда кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 15-март Аталар күнү катары белгиленип келет.

 

Scroll to Top