2025-жылдын 1-август күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясында Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине карата уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйын райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канат Табалдиевдин жетекчилиги астында өткөрүлдү.
Иш-чарага район аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты. Эске сала кетсек, 2025-жылдын 7-февралындагы №24 буйругуна ылайык, алар уюштуруу комитетинин мүчөлөрү катары бекитилген.
Жыйындын жүрүшүндө мааракенин деңгээлинде жана мазмундуу өтүшүн камсыздоо максатында кеңири талкуу жүргүзүлүп, сценарий долбоорлору каралды. Ошондой эле, уюштуруу комитетинин мүчөлөрүнө тиешелүү тапшырмалар берилди.

