🔹2026-жылдын 17-январь күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Табалдиев Канат Касеновичтин тапшырмасына ылайык, акимдин орун басары Куланова Айжан Мамаевна жетекчилигинде Кара-Суу аймактык ооруканасынын эмгек жамааты менен жыйын өткөрүлдү.
🔹Жыйындын жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер каралып, тиешелүү тапшырмалар берилди. Ошону менен бирге 2026-жылдын 15-январь күнү комиссия тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча, санитардык нормаларды сактоо жана бул багыттагы иштерди күчөтүү боюнча маселелер өзгөчө белгиленди.


