Бүгүн, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин тапшырмасынын негизинде, Датка айыл аймагынын Ташлак айылынын А. Юсупов көчөсүнөн өткөн каналды тазалоо иштери башталды.
Ишке 3 даана хово жана 1 экскаватор тартылып, каналга топтолгон таштандылар жана ылай-топурактар тазаланууда.
Максат – суу жүрүү жолдорун жакшыртуу, сел коркунучунун алдын алуу жана экологиялык санитардык абалды жакшыртуу.
Иштер айыл аймагынын жана райондук жетекчиликтин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

