Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Эл менен жолугушуу болуп өттү

Бүгүн, 14-августта Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Арзибек Жусупов Отуз-Адыр жана Мады айыл аймактарына караштуу Курбан-Кара, Шерали жана Тээке айылдарынын тургундары менен жолукту.
Жолугушууда айыл тургундары бала бакча ачуу, мектеп короосун оңдоо, жолдорду асфальттоо, таза суу менен камсыздоо, жайыт жерлерди пайдалануу жана электр мамычаларын алмаштыруу маселелерине байланышкан көйгөйлөрүн айтышты.
Акимдин биринчи орун басары жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери жарандардын суроолоруна жооп берип, сунуш-пикирлерин угушту.
А. Жусупов жергиликтүү маанидеги маселелерди жеринен көрүп чыгып, чечүүгө мүмкүн болгон иштер боюнча тиешелүү мекемелерге протоколдук тапшырмаларды берди. Ошондой эле, район аймагында мыйзамсыз курулуштар боюнча түшүндүрмө иштерин жүргүздү.
Элдин көйгөйлөрүн жеринде чечип, ыкчам иш алып баруу ар бир жетекчинин негизги милдети деп белгиледи А. Жусупов.
Scroll to Top