Бүгүн, 18-февралда Кара-Суу районунда Кара-Суу шаарынын жана Папан айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга район акими Канат Табалдиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Данияр Рыскулов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Папан айыл аймагынын тургундары бир катар орчундуу маселелерди көтөрүштү. Алар туризмди өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, электр мамычаларын орнотуу, жолдорду оңдоо, ооруканага дарыгер жана медайымдарды тартуу, сел каналдарын тазалоо, жер (чек) маселелери, ошондой эле оор жүк ташуучу унааларды көзөмөлдөө боюнча сунуштарын айтышты.
Ал эми Кара-Суу шаарынын тургундары көп кабаттуу үйлөрдүн алдына балдар ойноочу аянтчаларды куруу жана мыйзамсыз курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу маселелерин көтөрүштү.
Район акими ар бир суроо боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берип, жооптуу кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды жүктөдү. Көтөрүлгөн маселелер көзөмөлгө алынып, аларды этап-этабы менен чечүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү протоколдор түзүлүп, иш-чаралар планы иштелип чыгары белгиленди. Ар бир кайрылуу боюнча жарандарга аткарылышы тууралуу маалымат берилери айтылды.


