Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Жаңылыктар

Ардагерлер кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү

🔹Бүгүн 2026-жылдын 19-январында Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким К. К. Табалдиевдин тапшырмасынын негизинде, акимдин орун басары А. Куланова жана Кара-Суу райондук Ардагерлер кеңешинин төрагасы А. Жумаевдин катышуусунда райондук Ардагерлер кеңешинин кезектеги Президиум мүчөлөрүнүн катышуучунда жыйыны өткөрүлдү. 🔹Жыйындын жүрүшүндө Президиумдун 5 мүчөсү жаңыланып, райондогу ардагерлердин социалдык абалын жакшыртуу, аларга көрсөтүлүп жаткан колдоо иштерин күчөтүү, […]

«Турмуштук оор кырдаалдагы балдары бар үй-бүлөлөргө автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу кызмат жана колдоо көрсөтүү» аталышындагы маалыматтык иш-чара болуп өттү

🔹Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К.К. Табалдиевдин тапшырмасынын негизинде акимдин орун басары А. Куланова «Турмуштук оор кырдаалдагы балдары бар үй-бүлөлөргө автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу кызмат жана колдоо көрсөтүү» аталышындагы маалыматтык иш-чарага катышты. 🔹Иш-чаранын максаты — оор турмуштук кырдаалда жашаган, анын ичинде мигранттардын балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоого алуу, социалдык кызматтарды көрсөтүүдө автоматташтырылган маалымат системасын

Кара-Суу аймактык ооруканасынын эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрүлдү

🔹2026-жылдын 17-январь күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Табалдиев Канат Касеновичтин тапшырмасына ылайык, акимдин орун басары Куланова Айжан Мамаевна жетекчилигинде Кара-Суу аймактык ооруканасынын эмгек жамааты менен жыйын өткөрүлдү. 🔹Жыйындын жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер каралып, тиешелүү тапшырмалар берилди. Ошону менен бирге 2026-жылдын 15-январь күнү комиссия тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди тез арада

ӨКМнин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулуш иштери башталды

🔹2026-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн жаңы эки кабаттуу имаратынын курулушун баштоо алдында мезгил кутучасын салуу иш-чарасы болуп өттү. 🔹Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы — полковник Э. Мусаев, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К. Табалдиев, Кара-Суу шаар мэри И. Эрмаматов жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жаңы жетекчи дайындалды

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиевдин 2025-жылдын 18-августундагы №16-сандуу буйругуна ылайык, Папан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Тажибаев Казыбек Канибекович дайындалды. Аким Канат Табалдиев жаңы дайындалган айыл өкмөт башчысын эмгек жамаатына тааныштырып, анын ишине ийгиликтерди каалап, алдыдагы милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле аким Папан айыл аймагында курулуп

Жаңы жетекчи дайындалды

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиевдин 2025-жылдын 18-августундагы №17-сандуу буйругуна ылайык, Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Калмуратов Мамбет Маматалиевич дайындалды. Аким Канат Табалдиев жаңы дайындалган айыл өкмөт башчысын эмгек жамаатына тааныштырып, анын ишине ийгиликтерди каалап, алдыдагы милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Аппараттык кеңешме өттү

Бүгүн, 20-августта, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине даярдык көрүү боюнча аппараттык кеңешме болуп өттү. Аппараттык кеңешмеге район акими Канат Табалдиев жана уюштуруу комитетинин мүчөлөрү катышты. Жыйында мааракенин деңгээлин жогорулатуу, белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу өткөрүү, ошондой эле ар бир жетекчинин жоопкерчилигин күчөтүү маселелери талкууланды. Аким Канат Табалдиев мааракеге

Кара-Суу районунда “Укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлдү

 Бүгүн, 2025-жылдын 20-августунда Кара-Суу районунун аймагында «Укук бузуулардын бирдиктүү алдын алуу күнү» аттуу иш-чара өткөрүлдү.  Иш-чарага Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К.К. Табалдиев, Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы — Д.И. Рыскулов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты. Катышуучулар тарабынан аймактарды кыдырып, укук бузуулардын пайда болуу себептерин жана шарттарын

Мыйзамсыз курулган коомдук тамактануучу жайлар текшерилди

2025-жылдын 19-август күнү Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев Отуз-Адыр айылындагы Отуз-Адыр каналынын жээгинде мыйзамсыз курулган коомдук тамактануучу жайды (чайкананы) жеринен текшерди. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жай санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана корук зонасынын эрежелерин сактабай иш жүргүзүп келгендиги аныкталды. Айыл өкмөтү тарабынан эскертүү (уведомление) берилип, учурда объектти жабуу боюнча тиешелүү документтеринин мыйзамдуулугу текшерилип жатат. Мыйзамсыз курулуштарга жана талаптарга

Таза суу чыгаруу маселеси боюнча айыл тургундары менен жолугушуу болду

Бүгүн, 16- августта Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Арзибек Жусупов Ынтымак айыл аймагынын Коргон жана Корок айылдарына таза суу чыгаруу маселеси боюнча айыл тургундары менен жолукту. Жолугушууда айыл тургундары өз маселесин айтуу менен бирге таза суу маселелерине кененирээк токтолуп көйгөйлөрүн айтышты. Акимдин биринчи орун басары жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери жарандардын суроолоруна жооп

Scroll to Top