Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Жаңылыктар

Чынгыз Бапаев Кара-Суу районунун акими кызматына киришти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кол койгон тескемесине ылайык, Бапаев Чынгыз Арстанбекович Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды. Жаңы дайындалган акимди бүгүн, 9-март күнү, Кара-Суу районунун активине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Райондун тургундары менен жолугушуу болуп өттү

2026-жылдын 24-февраль күнү Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиев райондун тургундары менен жолугушту. Жыйынга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, айыл башчылар, РИИБдин жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты. РИИБ башчысы Данияр Рыскулов 2025-жыл ичинде кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө аткарган иш аракеттери жөнүндө маалымат берип, коопсуздукту жакшыртуу боюнча маселелер талкууланды.

Эл аралык эне тил күнүнө карата райондук деңгээлде иш-чара уюштурулуп өткөрүлдү

Иш-чарага акимдин орун басары А. Куланова, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Б. Караев, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана район активи катышты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгынын алкагында өткөрүлүп, анын негизги максаты – мамлекеттик тилдин макамын бекемдөө, тил маданиятын жогорулатуу жана кызматкерлердин сабаттуулугун арттыруу болду. Биринчи этапта жергиликтүү

Эл менен жолугушуу

Бүгүн, 18-февралда Кара-Суу районунда Кара-Суу шаарынын жана Папан айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга район акими Канат Табалдиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Данияр Рыскулов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Папан айыл аймагынын тургундары бир катар орчундуу маселелерди көтөрүштү. Алар туризмди өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, электр мамычаларын орнотуу, жолдорду оңдоо, ооруканага

Отуз-Адыр жана Ынтымак айыл аймактарында элдик жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 17-февралда Отуз-Адыр жана Ынтымак айыл аймактарында элдик жыйын болуп өттү. Жыйынга Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин биринчи орун басары Арзибек Жусупов, Кара-Суу районунун прокурору Араз Имангазиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Данияр Рыскулов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Жыйындын жүрүшүндө айыл тургундары тарабынан сын-пикирлер жана сунуштар айтылып, суроолор берилди. Көбүнчө жолдордун

«Кыргыз Республикасында балдар жана жаштардын менталдык саламаттыгына психосоциалдык жардам көрсөтүү: тажрыйбалар жана учурдагы чакырыктар» аттуу улуттук конференция өттү

Бүгүн, 16-февраль 2026-жылы, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын имаратында «Кыргыз Республикасында балдар жана жаштардын менталдык саламаттыгына психосоциалдык жардам көрсөтүү: тажрыйбалар жана учурдагы чакырыктар» аттуу улуттук конференция өттү. Иш-чарага Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Куланова А. катышты. Конференцияга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана адистер катышып, балдар жана жаштардын менталдык саламаттыгын чыңдоо, укук

Мады жана Баш-Булак айыл аймактарында элдик жыйын өткөрүлдү

  Бүгүн, 16-февралда Мады жана Баш-Булак айыл аймактарында элдик жыйын болуп өттү. Жыйынга Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин биринчи орун басары Арзибек Жусупов, Кара-Суу районунун прокурору Араз Имангазиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Жыйындын жүрүшүндө айыл өкмөт башчылары 2025-жылы аткарылган иштер жана 2026-жылга карата пландар тууралуу маалымат беришти. Андан соң тургундар тарабынан

Элдик жыйын уланууда

Бүгүн, 14-февралда кезектеги элдик жыйын Савай жана Жоош айыл аймактарында өткөрүлдү. Жыйынга Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Канат Табалдиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Данияр Рыскулов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар активдүү катышты. Жыйындын жүрүшүндө айыл өкмөттөрүнүн 2025-жылы аткарган иштери жана алдыга мерчемделген милдеттери боюнча маалыматтар угулуп, талкууланды. Район башчысы-аким Канат Табалдиев райондун

Манас айыл аймагында элдик жыйын өттү

Бүгүн Манас айыл өкмөтүндө элдик жыйын болуп, иш-чара жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. Жыйынга Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Канат Табалдиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Данияр Рыскулов, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар активдүү катышты. Элдик жыйында айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичинде аткарган иштери боюнча кеңири маалымат берилди. Социалдык-экономикалык өнүгүү, жолдордун абалы,

Ооган согушунда курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 13-февралы күнү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Табалдиев Канат Касеновичтин демилгеси астында, Ооганстандан Советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 37 жылдыгына жана 25-февраль Тажик-Ооган участогунда “Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештигинин чек арасын кайтарууну күчөтүүнүн катышуучуларынын күнүнө карата иш чара өткөрүлдү. Иш-чарага Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Куланова Айжан Мамаевна, Кара-Суу шаарынын мэри Ислам Жолдошбаевич, күч түзүмдөрүнүн

Scroll to Top