🔹 2026-жылдын 31-январында Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Канат Табалдиевдин тапшырмасынын негизинде акимдин биринчи орун басары А. Жусупов Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте Кара-Суу районунун Өзбекстан Республикасы менен чектеш аймактарын жеринен көрүп чыгышты.
🔹Жеринде жүргүзүлгөн иш сапардын алкагында чек ара тилкелеринин учурдагы абалы менен таанышып, тиешелүү маселелер талкууланды.
🔹Белгилей кетсек, 2026-жылдын март айынан тартып Кыргыз–Өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участокторун инженердик жактан жабдуулоо иштери пландалууда.
🔹Ушуга байланыштуу жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.


