Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

“Баатыр эне” ордени жана “Эне Даңкы” медалы менен сыйлоо салтанаты болуп өттү

2025-жылдын 18-июлунда, Кара-Суу районунда “Баатыр эне” ордени жана “Эне Даңкы” медалы менен сыйлоо салтанаты болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-майындагы №117 жана №118 Жарлыгынын негизинде Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К.К. Табалдиев салтанатка катышып, 75 энеге “Баатыр эне” орденин, 53 энеге “Эне Даңкы” медалын ыйгарып, урмат-сый көрсөттү.
Акимдин куттуктоо сөзүндө белгиленгендей, бул сыйлыктар көп жылдан бери күткөн, айрыкча улуу курактагы, көп балалуу энелерибизге берилди. Алардын мээнети, кайраттуулугу жана түбөлүк мээрими биздин коомубуздун улуу байлыгы болуп саналат. Ушул урмат-сый менен энелерге чексиз ыраазычылык билдиребиз.
Ар бир эне — үйдүн куту, балдардын бактысы жана өлкөбүздүн келечеги. Энелерибиздин кайраттуулугу менен үй-бүлөлөр бекемделип, келечек муундар татыктуу тарбияланат.
Scroll to Top