Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын жашоочусу 95 жаштагы Аширова Аятхан энебиз көп жылдан бери Баатыр эне наамын алууга татыктуу болуп келсе да, балдарынын документтеринде аты-жөнүнүн туура эмес жазылып калышы себептүү бул наамды ала албай келген.
2025-жылдын 18-июлунда Кара-Суу районунун мамлекеттик администарциясынын башчысы акими Канат Табалдиев “Баатыр эне” наамын Аятхан энебизге салтанаттуу түрдө үйүнө барып тапшырды.
Урматтуу Президентибиз Садыр Нуркожоевичтин жарлыгына ылайык, бул ыйык наамдар жылдан жылга даректүү берилип жатат.
Бул учурга чейин айрым документ иштеринде катаачылыктар болуп, жергиликтүү бийлик органдарынан кайдыгер мамиле жасалып келген болсо, бүгүнкү күндө жоопкерчиликтүү мамилелер жасалып, элге жакындан жардам берилип Президентибиздин жарлыгы так аткарылууда.
Бүгүнкү күндө энебизге расмий түрдө “Баатыр эне” наамы ыйгарылып, көп жылдык күтүү кубаныч менен аяктады! “Баатыр эне” наамы 8 баласы, 23 небереси, 53 чебересинин катышуусунда тапшырылды. Аятхан энебиз ак батасын берип, кубанычын жашырган жок.
Бул — жөн гана наам эмес, бул — энелик мээримдин, сабырдын, туруктуулуктун жана татыктуу жашоонун символу.
Урматтуу Аятхан энебизди чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Сиздин өмүр жолуңуз— кийинки муундарга чоң өрнөк!






