Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Аппараттык кеңешме өттү

Бүгүн, 20-августта, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине даярдык көрүү боюнча аппараттык кеңешме болуп өттү.
Аппараттык кеңешмеге район акими Канат Табалдиев жана уюштуруу комитетинин мүчөлөрү катышты. Жыйында мааракенин деңгээлин жогорулатуу, белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу өткөрүү, ошондой эле ар бир жетекчинин жоопкерчилигин күчөтүү маселелери талкууланды.
Аким Канат Табалдиев мааракеге даярдык иштерин тыкыр көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.  Белгилей кетчүү жагдай быйыл 2025-жылы Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгилөө алдында турат.
Scroll to Top