Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

“Аномалдуу ысыкка алдын алуу иш-аракет протоколун” активдештирүү алкагында гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы Кыргызстандын Кызыл Ай Коому менен биргеликте “Аномалдуу ысыкка алдын алуу иш-аракет протоколун” активдештирүү алкагында гуманитардык жардам көрсөтүү иш-чарасын өткөрдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты — аномалдуу ысык шартында социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо жана алардын күнүмдүк муктаждыктарын жеңилдетүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жалпысы 350 үй-бүлөгө төмөнкү жардамдар берилди:

🧼 Гигиеналык каражаттар (самын, шампунь, идиш жуугуч жана башка)

📚 Окуу куралдары жана мектепке керектүү жабдыктар

🍞 Азык-түлүк топтомдору

Аким К. К. Табалдиев аз камсыз болгон жарандарды ар дайым колдоого алып, материалдык жардамдарды үзгүлтүксүз берип келет. Мындан тышкары, Кыргыз Кызыл Ай Коому менен болгон кызматташтыкты мындан ары да улантылат.

 

Scroll to Top