Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Акимдин кубогу — KFL 5-сезон жогорку деңгээлде жыйынтыкталды!

Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулган бул чемпионаттын финалдык оюнуна Кара-Суу районунун акими К.К.Табалдиев, Кара-Суу шаарынын мэри И.Ж.Эрмаматов жана спорт коомчулугунун өкүлдөрү катышып, спортчуларды жана күйөрмандарды ийгиликтүү сезон менен куттукташты.
Аким К.К.Табалдиев көрүүчүлөрдү куттуктап, оюнга болгон жакшы каалоо-тилегин билдирди.
1-орунду ээлеген командага 150 000 сом акчалай сыйлык тапшырылып, алардын машыктыруучусуна автоунаа белек кылынды.
2-орунду ээлеген команда 70 000 сомго, ал эми 3-орунду ээлеген команда 30 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду.
Оюндун мыктылыгын көрсөткөн оюнчуларга атайын номинациялар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Кара-Суу шаарында спорт сүйүүчүлөрдү бириктирген, күйөрмандардын эмоциясын кайнап ташыткан Акимдин кубогу – KFL 5-сезону жогорку уюшкандыкта өтүп, чоң ийгилик менен соңуна чыкты.
Бул сезондо оюндар курч атаандаштыкта өтүп, ар бир таймаш өзгөчө кызыктуу болду. Күйөрмандар командасын колдоп, спорт залда чыныгы майрамдык маанай жаратышты.
Бул турнир — биздин районубузда спортту өнүктүрүү, жаштарды ынтымакка, ден-соолукка жана жеңишке умтулууга үндөгөн чоң аянтча экендигин дагы бир жолу көрсөттү.
Scroll to Top