2025-жылдын 2-августунда Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиевдин тапшырмасына ылайык, биринчи орун басары Арзибек Жусупов Датка айыл аймагында мыйзамсыз курулуштар боюнча жерине чыгып, тиешелүү иш-чараларды өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ N-109 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы N-291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун талаптарын аткаруу максатында:
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2025-жылдын 1-августундагы N-27-19151 жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Н. Джантаевдин 2025-жылдын 1-августундагы N-01-38/1000 тапшырмаларын ыкчам аткаруу үчүн, Кара-Суу районунун аймагында 2021-жылдын 30-октябрынан кийин жер мунапысына туура келбеген курулуштарды тактоо менен аларды буздуруу иштери, ошондой эле жер мунапысы аркылуу шахматтык түрдөгү бош участок катары бекитилген жерлерге 2021-жылдын 30-октябрынан кийин курулган курулуштарды райондун аймагынан тактоо боюнча 2025-жылдын 2-3-август эс алуу күндөрүнө карабай иштер кызуу жүрүүдө.



