Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Исраил Сулайманов атындагы орто мектебинин аймагында курулуп жаткан жаңы спорт залынын курулуш иштерин жеринен көрүштү

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким К. К. Табалдиевдин тапшырмасына ылайык, акимдин орун басары А. Куланова жана Кара-Суу районунун мугалимдер кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Н. Исраилова Баш-Булак айыл аймагына барып, Исраил Сулайманов атындагы орто мектебинин аймагында курулуп жаткан жаңы спорт залынын курулуш иштери менен таанышып, анын ачылыш аземине даярдык маселелерин жеринен карап чыкты.
Курулуш иштери 2024-жылы башталып, учурда соңку баскычта турат. Объекттин жалпы сметалык баасы 22 770 000 сомду түзүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Учурда ички жасалгалоо, тазалоо жана жабдууларды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Бул спорт зал окуучуларга дене тарбия сабактарын заманбап шартта өткөрүүгө, ошондой эле спорт менен машыгууга ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Scroll to Top