Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Жогорку Кеңештин депутаты, район акими жана АРИС директорунун Отуз-Адыр жана Жоош айыл аймактарына болгон иш сапары

2025-жылдын 31-июль күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алишер Козуев, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиев жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) директору Марс Наспеков Отуз-Адыр жана Жоош айыл аймактарына иш сапар менен барышты.
Иш сапардын алкагында АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорлорунун курулуш иштери менен жеринен таанышуу болду.
Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Отуз-Адыр айыл аймагындагы 10 айылда жалпы 541,7 млн сомго курулуп жаткан ичүүчү суу системасынын абалын көрүп чыгып, курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Ал сарпталган каражаттын көлөмү чоң экенин белгилеп, курулушта сапаттуу материалдарды колдонуу, ченемдерди сактоо жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүү зарылдыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар менен да жолугушуу өткөрүлүп, таза сууга байланыштуу маселелер талкууланды. Тургундар долбоорго кирбей калган айрым айылдарды кийинки этаптарда таза суу программасына кошууну суранышты.
Иш сапар Жоош айыл аймагынын Агартуу жана Гайрат айылдарында улантылып, ички суу долбоорлорунун жүрүшү жана жергиликтүү элдин социалдык муктаждыктары каралды.
Scroll to Top