Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Бабалашкар мектебинин курулуш иштери менен таанышышты

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким К.К. Табалдиевдин тапшырмасына ылайык, Датка айыл аймагында курулушу жүрүп жаткан №125 Бабалашкар орто мектебинин ачылыш аземине даярдыктар көрүлүп чыкты.
Акимдин орун басары А. Куланова тиешелүү кызматкерлер менен биргеликте объектти кыдырып чыгып, курулуш иштеринин жүрүшү, сапаты жана бүткөрүү мөөнөтү боюнча жеринде сунуштарын берип, подрядчы уюмдун өкүлдөрү менен пикир алмашты.
225 орундуу бул заманбап мектеп “Кыргызстанда табигый кырсыктардын коркунучуна туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында, Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен курулууда. Долбоордун максаты – коопсуз, табигый кырсыктарга туруктуу, заманбап талаптарга жооп берген билим берүү мекемелерин куруу менен балдардын билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Scroll to Top