2025-жылдын 28-июль күнү Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр, Жоош жана Ала-Тоо айыл аймактарында жаңыланган жолдордун ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Канат Табалдиев, тиешелүү айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Аталган долбоорлордун алкагында:
Отуз-Адыр жана Ала-Тоо айыл өкмөттөрүнө караштуу Шералы айылында-1 км 920 м,
Кайрагач айылында-500 м,
Жоош айыл өкмөтүнүн Калинин айылында-3 км,
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн Кашкар-Кыштак айылында -1 км 280 м жолго асфальт төшөлдү.
Жалпысынан 6,7 чакырым жолду түзөгөн бул иштер — аймактын транспорттук инфратүзүмүн жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу, жана жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын арттыруу максатында ишке ашкан маанилүү долбоор болуп саналат.
Жетекчилер айыл элин бул кубанычтуу саамалык менен куттуктап, мындан ары да айыл аймактардагы жолдорду жакшыртуу иштери уланарын белгилешти.






