Кара-Суу райондук жарандык коргонуу кызматтары өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары менен биргеликте район аймагындагы агын сууларда жана каналдарда сууга түшүүнүн кооптуу экендиги боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Иш-чаранын алкагында тургундарга сууга түшүү эрежелери жана сууга түшүүдөгү коопсуздук чаралары боюнча кеңири маалыматтар берилип, атайын эскертүү баракчалары таратылды.
Урматтуу тургундар! Өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздардын коопсуздугу үчүн белгисиз жана кооптуу жерлерде сууга түшүүдөн алыс болуңуздар. Коопсуздук эрежелерин сактоо – сиздин жана балдарыңыздын өмүрүн сактап калат!