Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы

Кондитердик цех жана жаңы жол – Кара-Суу районундагы ийгиликтүү долбоорлор!

🔶Бүгүн Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Асан-Чек айылында жеке ишкер тарабынан негизделген кондитердик цехтин ачылыш аземи болуп өттү. Аталган цех Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен АРИСтин “САSA-1000” долбоору аркылуу каржыланып, жалпы сметалык баасы 5 млн 200 миң сомду түздү. Ишке кирген цех 13 жергиликтүү кыз-келинди жумуш менен камсыз кылып, таттуу азыктардын түрлөрүн өндүрө баштады.
🔹Иш-чарага Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Табалдиев Канат Касенович, айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү тургундар катышып, ийгиликтүү ишкердик демилгени колдоого алуу маанилүү экенин белгилешти.
🔹Ошондой эле, районубуздун 90 жылдыгына карата Манас айыл аймагынын Кызыл Мээнет айылындагы Т. Мамажанов көчөсүнө узундугу 1600 метр болгон жаңы асфальт жол пайдаланууга берилди. Жалпы сметалык баасы 16 млн 800 миң сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланды.
🔹Аким Канат Касенович жаңы жолдун ачылыш аземинде сүйлөп жатып, бул жол эл үчүн жакшылыктын, өнүгүүнүн символу болсун деген тилегин билдирип, тургундарды куттуктады.
Scroll to Top